Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында, Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында жашылдандыруу акциясы өткөрүлдү.

Иш-чара №108 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында, ошондой эле №59 жана №7 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окуучулардын жана ата-энелердин активдүү катышуусунда уюштурулду.

Акциянын алкагында билим берүү уюмдарынын аймактарын көрктөндүрүү жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Жалпы 60 түп кайың жана 300 даана  тосмо көчөттөрү отургузулду.

Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муунду айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга тарбиялоого өбөлгө түзөт, ошондой эле шаар аймагын жашылдандырууга багытталган.