2026-жылдын 24-мартында Бишкек шаарынын №77 жалпы билим берүү орто мектебинин базасында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Улуттук баалуулуктар — кыргыз тили жана адабияты сабагынын негизи» аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чарага кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн шаардагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Семинардын жүрүшүндө №77 мектептин педагогдору улуттук баалуулуктарды жана руханий-адеп-ахлактык принциптерди окуу процессине интеграциялоонун натыйжалуу ыкмаларын көрсөтүү менен ачык сабактарды жана мастер-класстарды өткөрүштү.

Семинар-тренингдин негизги максаты — алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу болду.

Мындай иш-чараларды өткөрүү окутуунун сапатын жогорулатууга, педагогдордун кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана билим берүү тутумунда улуттук баалуулуктардын ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.