Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган окуучулардын илимий-изилдөө долбоорлорунун жыл сайын өткөрүлүүчү шаардык сынагы болуп өттү.

Сынак 8 номинация жана 10 багыт боюнча өткөрүлдү. Ага борбор калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары тарабынан сунушталган 400гө жакын илимий-изилдөө долбоорлору катышты.

Сынактын жыйынтыгында 60 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Жеңүүчүлөр жана байге ээлери дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышат.

Аталган сынакты өткөрүү окуучулардын изилдөөчүлүк көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, таланттуу балдарды колдоого, ошондой эле алардын илимий-таанып-билүү ишмердүүлүгүн жогорулатууга багытталган.