Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Элдик ырдоо» номинациясы боюнча сынак программасынын биринчи күнү өттү.
П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинде сынактын биринчи туру уюштурулуп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген таланттуу жаштарды жана искусство өкүлдөрүн бириктирген ири маданий иш-чаранын маанилүү бөлүгүнө айланды.
Катышуучулар элдик ырларды акапелла форматында, ошондой эле фонограмма («минус») же аспаптардын коштоосунда аткарышты. Сахнага Пакистан, Индия, Тажикстан, Казакстан, Россия, Кытай, Беларусь жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн келген 30 өкүл чыкты.
Сынак үч жаш курактык топто өттү: кичүү топ — 10–13 жаш, орто топ — 14–17 жаш, улуу топ — 18–25 жаш. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча тандоодон өткөн катышуучулар эртең өтө турган экинчи турда өнөр көрсөтүшөт.
Сахнада ар түрдүү элдердин обондору жаңырып, катышуучулар жогорку деңгээлдеги вокалдык чеберчилигин жана таасирдүү аткарууларын көрсөтүштү. Көрүүчүлөр үнүнүн жагымдуулугун гана эмес, музыкалык аспаптарды чебер өздөштүргөнүн да баалай алышты.
Дельфий оюндары дагы бир ирет салт менен заманбап искусствону айкалыштырган өзгөчө аянтча экенин далилдеп, жаштар үчүн чыгармачылык диалогго жана кесиптик өсүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн көрсөттү.







