ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарында «Көркөм кол өнөрчүлүк» номинациясы боюнча сынактын биринчи күнү жыйынтыкталды
Биринчи этапта калыстар тобу катышуучулар алдын ала даярдап келген эмгектерди карап чыгып, баалашты.
Экинчи этапта жаш усталарга «Жандуу мурас» темасында атайын тапшырма берилип, анда алар өз өлкөсүнүн тарыхый жана маданий мурасын чагылдырган чыгарма жаратышы керек болду.
Сынактын жыйынтыгы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо эртең, 26-мартта, болот.





