2026-жылдын 25-мартында Бишкек шаарындагы «Тунгуч» жаштар театрында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Эстрадалык ырдоо» номинациясынын биринчи туру өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева жана Нургазы Курманбеков катышты.
Номинациянын биринчи этабында 10 жаштан 13 жашка чейинки катышуучулар чыгышты. Экинчи этапта 14 жаштан 18 жашка чейинки, ошондой эле 18 жаштан 25 жашка чейинки катышуучулар өздөрүнүн вокалдык мүмкүнчүлүктөрүн тартуулашууда.
Белгилей кетсек, Дельфий оюндарынын программасына сегиз номинация кирет: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик жана эстрадалык вокалдык искусство, элдик бийлер, диджейлик, элдик аспаптарда аткаруу жана кол өнөрчүлүк искусствосу.
Жаштар Дельфий оюндары маданий диалогду өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана элдердин достугун чыңдоого багытталган.











