Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында,  «Сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча конкурс программасынын биринчи күнү ийгиликтүү аяктап, чыгармачылык энергияга,  идеяларга жана шыктандыруучу образдарга толду.

Биринчи этапта калыстар катышуучулардын алдын ала даярдаган эмгектерине өзгөчө көңүл буруп, аларды кылдаттык менен баалашты. Ар бир чыгарма сүрөтчүнүн ички дүйнөсүнүн чагылышы, чеберчилиги жана искусствого уникалдуу көз карашын көрсөттү – көпчүлүк эмгектер калыстар тарабынан жогорку баа алышты.

Экинчи этапта жаш сүрөтчүлөр жаңы эмгектерди түзүү процессине түздөн-түз катышышты. Аларга жөн гана тапшырманы аткаруу эмес, өз индивидуалдуулугун билдирүү, эмоцияларын жеткирүү жана оригиналдуу чыгармачылык ой жүгүртүүнү көрсөтүү талап кылынды.

Конкурстун жыйынтыктары жана жеңүүчүлөрдүн аттары эртең, 26-мартта жарыяланат. Алдынкы планда – эң кызыктуу учурлар жана татыктуу баалар күтүлүудо.