Бүгүн, 2026-жылдын 25-мартында, ШКУнун Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Фортепиано» номинациясынын биринчи туру болуп өттү. Түшкө чейин кенже топтун катышуучулары өнөрлөрүн көрсөтүшсө, түштөн кийин улуу топтун конкурсанттары сахнага чыгышты.

Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия, Индия, Кытай жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн катышты.  Бул сынак маданий диалогдун чыныгы аянтчасына айланып, жаш музыканттар жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчиликтерин көрсөтө алышты.

Программада дүйнөлүк классиканын көрүнүктүү композиторлорунун, анын ичинде Бахтын, Шопендин жана башка авторлордун чыгармалары жаңырды. Айрыкча көркөм этюддар көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду: аткаруучулар чыгармаларды техникалык жактан так аткаруу менен катар, анын мазмунун ачып, образын терең түшүнүү менен актердук чеберчиликти да айкалыштыра алышты.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу экинчи турга өткөн катышуучулардын ысымдарын жарыялады. Алдыда жаңы чыгармалар, жаркын ачылыштар жана албетте, дагы да күчтүү атаандаштык күтүлүүдө.