Бүгүн, 2026-жылдын 26-мартында, ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Көркөм кол өнөрчүлүк» номинациясы боюнча сынактын экинчи күнү башталды.

Экинчи этапта жаш усталарга «Жандуу мурас» темасындагы конкурстук тапшырма берилди. Ал өз өлкөсүнүн тарыхый-маданий мурасын чагылдырган декоративдик-колдонмо искусство буюмун жаратууну камтыйт.

Тапшырманы аткаргандан кийин катышуучулар өз эмгектерин көрсөтүп, тааныштырышат.

Белгилей кетсек, сынактын биринчи этабында калыстар тобу катышуучулар алдын ала даярдап келген иштерди карап, баалашкан.

Сынактын жыйынтыгы бүгүн, 26-мартта, эки этаптын жыйынтыгы боюнча чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат.