Бүгүн, 2026-жылдын 26-мартында, Балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагындагы «Элдик бий» номинациясы боюнча сынактын экинчи күнү башталды.

Биринчи турдан ийгиликтүү өткөн катышуучулар өз өнөрлөрүн мындан ары да көрсөтүп, жаңы хореографиялык чыгармаларды тартуулап жатышат. Экинчи күндүн сынактык программасы да өтө кызыктуу жана мазмундуу болуп, катышуучу өлкөлөрдүн бай маданий салттарын чагылдырат деп күтүлүүдө.

Экинчи күндүн жыйынтыгында калыстар тобу акыркы чечимди чыгарып, жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин аныктайт. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи сынак программасы аяктагандан кийин өткөрүлөт.

«Элдик бий» номинациясы быйыл да оюндардын эң ири багыттарынын бири бойдон калып, жүздөгөн катышуучуларды бириктирип, көрүүчүлөр менен адистердин чоң кызыгуусун жаратууда.