2026-жылдын 26-мартында  «Тунгуч» жаштар театрында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарынын «Эстрадалык ырдоо» номинациясынын экинчи туру өтүп жатат.

10дон 25 жашка чейинки жаш катышуучулар сахнага чыгып, өз үндөрүн гана эмес, эмоциясын, артисттигин жана сахнадагы ишенимин да көрсөтүшүүдө. Алардын чыгыштары темага ылайык болуп, музыка аркылуу достукту, кыялдарды жана биримдикти билдирет.

Бүгүн — сынактын эң чечүүчү күнү. Экинчи турдун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр жана лауреаттар аныкталат.

Жаштар Дельфий оюндары — маданият аркылуу өлкөлөрдү жакындаткан, таланттуу жаштарды колдогон жана келечектин үнүн дүйнөгө жеткирген аянтча.