Бүгүн, 2026-жылдын 26-мартында, П. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Элдик ырдоо» номинациясынын экинчи туру башталды.
Биринчи турдан ийгиликтүү өткөн катышуучулар кайрадан сахнага чыгып, өз чеберчилигин көрсөтүп жатышат.
Экинчи турда сынактын катышуучулары вокалдык өнөрдү жогорку деңгээлде аткарып, ар түрдүү элдердин маданий мурасын чагылдырган чыгармаларды сунушташууда. Сахнадагы жандуу аткаруулар өзгөчө атмосфера жаратып, көрүүчүлөргө унутулгус эмоцияларды тартуулап жатат.
Бул этап финалга карай маанилүү баскыч болуп саналат. Калыстар тобу катышуучулардын вокалдык мүмкүнчүлүктөрүн, аткаруучулук чеберчилигин жана сахналык маданиятын кылдат карап чыгууда.






