Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында «Сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча конкурс уланууда.

Бул ири маданий иш-чара таланттуу жаштарды бириктирип, аларга өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө жана чыгармачылык тажрыйба менен бөлүшүүгө шарт түзүп берет.

Бүгүн А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада конкурстун  экинчи туру өтүүдө. Бул этапта катышуучулар өз профессионалдык деңгээлин гана эмес, берилген тапшырмаларды аткаруу жөндөмүн, чыгармачылык потенциалын, ой жүгүртүүнүн оригиналдуулугун жана көркөм көрүнүштүн уникалдуулугун көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, конкурсунун биринчи этабында катышуучулардын алдын ала даярдаган эмгектери каралган. Бул калыстар тобуна ар бир катышуучунун стили, техникасы жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө жалпы түшүнүк түзүүгө мүмкүндүк берген. Экинчи турда катышуучулар белгиленген конкурс программасынын негизинде тапшырмаларды аткарышат.

Калыстар тобу эмгектерди композиция, аткаруу техникасы, чыгармачылык жана оригиналдуулук сыяктуу бир катар критерийлер боюнча баалашат. Конкурстун жыйынтыгы бүгүн, 26-мартта чыгарылат.