2026-жылдын 26-мартында П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфий оюндарындагы «Фортепиано» номинациясы боюнча конкурс уланууда.

Экинчи күнү катышуучулар классикалык фортепиано репертуарындагы чыгармаларды аткарып, жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчилигин көрсөтүшүүдө. Конкурстук аткаруулар техникалык татаалдыгы, музыкалуулугу жана чыгармаларды жекече интерпретациялоо өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

«Фортепиано» номинациясы ар түрдүү өлкөлөрдөн келген таланттуу жаш аткаруучуларды бириктирип, маданий диалогду өнүктүрүүгө жана  тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт. Конкурстук угуу эл аралык калыстар тобунун катышуусунда өтүүдө.

Конкурстук программанын жыйынтыгында номинациянын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери аныкталат. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 26-мартта өтөт.