Бүгүн Бишкек шаарындагы «Тунгуч» жаштар театрынын сахнасында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфы оюндарынын алкагында «Эстрадалык ырдоо» номинациясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Сынак 10 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу аткаруучуларды бириктирип, алардын жогорку деңгээлдеги вокалдык , артисттик чеберчилигин жана чыгармачылык өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жеңүүчүлөр дипломдор, ошондой эле коло, күмүш жана алтын медалдар менен сыйланышты.
Сыйлоо аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев жана калыстар тобунун мүчөлөрү катышты.
Жеңүүчүлөр жана атайын дипломдордун ээлери:
10–13 жаш категориясы:
1-орун — Зилев Павел;
2-орун — Муратов Сулейман;
3-орун — Баймырзаева Насыйкат;
Атайын дипломдор:
— «Өзгөчө сахналык образы үчүн» — Янкевич Есения;
— «Лирикалык аткаруусу үчүн» — Hao Liandong;
14–17 жаш категориясы:
1-орун — Рустамова София;
2-орун — Атуахина Эмили-Асиэйдуа;
3-орун — Джамшедзода Ёкуб;
Атайын диплом:
— «Туулган жерге болгон сүйүүсү үчүн» — Талайбекова Адинай;
18–25 жаш категориясы:
1-орун — Ren Jing;
2-орун — Усенов Бексултан;
3-орун — Самолётова Ангелина;
Атайын дипломдор:
— «Лирикалык аткаруусу үчүн» — Бакин Денис;
— «Артистизм жана жагымдуулугу үчүн» — Рахманова Анджелина;
— «Улуттук салттарды сактаганы үчүн» — Муродзода Хайрулло;
— «Патриоттук ырды терең аткарганы үчүн» — Гваджая Вероника;
— «Элдик ыр салттарын сактаганы үчүн» — Костюченко Милана;
— «Патриоттук ырды таасирдүү аткарганы үчүн» — Гафурова Эъзоза.
Сыйлоо аземи конкурс программасынын жыйынтыгы болуп, чыгармачылыктын чыныгы майрамына айланды.
ШКУнун Биринчи Жаштар Дельфы оюндары жаңы ысымдарды ачып, ар түрдүү маданияттарды бириктирип, таланттуу жаштарды жаңы ийгиликтерге шыктандырууну улантууда.






