2026-жылдын 26-мартында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфы оюндарынын алкагында «Көркөм кол өнөрчүлүк» номинациясы боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Экинчи этапта катышуучулар «Жандуу мурас» темасындагы иштерин тартуулап, өздөрүнүн чеберчилигин жана өлкөлөрүнүн маданий каада-салттарын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөрүн көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөр эки этаптын жыйынтыгы боюнча аныкталды:
15–18 жаш категориясы:
* Екатерина Зонова (Россия Федерациясы) — алтын медаль
* Арина Карпова (Кыргыз Республикасы) — күмүш медаль
* Дүйшөмбү Кубатов (Кыргыз Республикасы) — коло медаль
Дипломдор:
* Теманы оригиналдуу ачып бергени үчүн — Малика Солтонкулова (КР), Руслана Устюжанина (КР)
* Салттарды сактаганы үчүн — Сабина Адамкулова (КР)
19–24 жаш категориясы:
* Ксения Трот (Беларусь Республикасы) — алтын медаль
* Баэл Базаркул уулу (Кыргыз Республикасы) — күмүш медаль
* Шахноза Гулмадова (Тажикстан Республикасы) — коло медаль
Дипломдор:
* Чеберчилиги үчүн — Адеми Адамкулова (КР)
* Мыкты композициялык чечими үчүн — Элжигит Акыбаев (КР)
* Мыкты философиялык образы үчүн — Dass Prathik (Индия Республикасы).














