Сынак катышуучу өлкөлөрдүн эң мыкты бий топторун чогултуп, улуттук каада-салттардын байлыгын жана жогорку деңгээлдеги аткаруу чеберчилигин көрсөттү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр эки жаш курагы боюнча аныкталды.

15 жаштан 22 жашка чейинки категорияда:
1-орун- "SCCM" бий тобуна (Кытай Эл Республикасы);
2-орун -"Kroki" элдик бий ансамблине (Беларусь Республикасы);
3-орун -"Сибирские узоры" элдик бий ансамблине (Россия Федерациясы) берилди.

10 жаштан 14 жашка чейинки категорияда:
1-орун- "Шаттык" үлгүлүү элдик бий ансамблине (Кыргыз Республикасы);
2-орун  -"Нурсаулемай" үлгүлүү хореографиялык ансамблине (Казакстан Республикасы);
3-орун — "Ариет" хореографиялык ансамблине (Кыргыз Республикасы).

Катышуучулар ошондой эле сынактын жыйынтыгы боюнча атайын дипломдор менен сыйланышты.

10 жаштан 14 жашка чейинки курактагы категорияда:
— "Дилгир" элдик бий ансамбли (Кыргыз Республикасы) — "Элдик бийди сактап калгандыгы үчүн" диплому;
— "Улыбка" элдик үлгүлүү хореографиялык ансамбли (Кыргыз Республикасы) — "Эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо үчүн" диплому;
— "Алмаз" хореографиялык ансамбли (Кыргыз Республикасы) — "Сахна маданияты үчүн" диплому.

15 жаштан 22 жашка чейинки курактагы категорияда:
— "Шаттык" элдик үлгүлүү бий ансамбли (Кыргыз Республикасы) — "Жогорку аткаруу маданияты үчүн" диплому;
— "Нурсаулемай" үлгүлүү хореографиялык ансамбли (Казакстан Республикасы) "Бийдеги өзгөрүшү үчүн" дипломуна ээ болду;
— Классикалык элдик ансамбль (Индия Республикасы) "Элдик маданияттын салттарын сактап калгандыгы үчүн" дипломуна ээ болду.

Элдик бий категориясы маданий мурасты көрсөтүү, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана жаш аткаруучулардын арасында чыгармачыл тажрыйба алмашуу үчүн жандуу платформа түздү.