Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чоң Чүй каналынын боюндагы Жаш Гвардия бульварынан тартып Элебаев көчөсүнө чейинки аймакты көрктөндүрүү иштеринин биринчи этабы менен таанышты.

Биринчи этапка аймакты камыштардан жана бадалдардан тазалоо, канал жээгиндеги дарактарды санитардык бутоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды демонтаж кылуу кирет. Бул иштерди аткарууга 10дон ашык атайын техника жана 30га жакын кызматкер тартылган.

Экинчи этапта жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү жана жол куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө каралган. Ал эми үчүнчү этапта сейил бак (променад) куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга суу коргоо аймагын бузган объекттерге карата чара көрүү тапшырмасы берилди.

Бул долбоор аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу жайын түзүүгө жана айланасындагы коопсуздукту жогорулатууга багытталган.