«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы ысык суу менен камсыздоо тарифинин өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайт.
Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин 2026-жылдын 10-мартындагы №42 буйругу менен бекитилген.
Аталган буйрукка ылайык, 2026-жылдын 1-мартынан тартып (салыктарды эсепке албаганда) ысык сууга жаңы тариф белгиленди.
Жылуулукка болгон тариф өзгөрүүсүз калат.
Жаңы тариф көрсөтүлгөн күндөн тартып ысык суу үчүн төлөмдөрдү эсептөөдө колдонулат.
Коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдарды пландаштырууда ушул өзгөртүүнү эске алууңуздарды өтүнөбүз.
