Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи Жаштар Дельфы  оюндарынын алкагында «Көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы боюнча конкурс ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Конкурс эки этапта өтүп, ага катышкан жаш сүрөтчүлөр жогорку деңгээлдеги профессионалдык чеберчилигин, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн жана берилген темаларды көркөм чечмелөө жөндөмүн көрсөтүштү. Катышуучулардын эмгектери композиция, аткаруу техникасы, креативдүүлүк жана көркөм ойдун тереңдиги сыяктуу негизги критерийлер боюнча бааланды.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр үч жаш курактык категория боюнча аныкталды:

10–13 жаш курактык категориясы:
•Алтын — Александрова Екатерина (Россия Федерациясы)
•Күмүш — Алиева Камила (Тажикстан Республикасы)
•Коло — Сманалиева Айсезим (Кыргыз Республикасы)
•«Теманы көркөм ачып берүү үчүн» диплом — Герман София (Кыргыз Республикасы)
•«Теманы көркөм ачып берүү үчүн» диплом — Асанова Альбина (Кыргыз Республикасы)
•«Теманы көркөм ачып берүү үчүн» диплом — Жапарова Мыскал (Кыргыз Республикасы)

14–17 жаш курактык категориясы:
•Алтын — Мурашко Купава (Россия Федерациясы)
•Күмүш — Жемчужникова Полина (Россия Федерациясы)
•Коло — Швайба Евдокия (Беларусь Республикасы)
•«Аткаруу чеберчилиги үчүн» диплом — Шевчук Анастасия (Россия Федерациясы)
•«Теманы көркөм ачып берүү үчүн» диплом — Элчибекова Гулзор (Тажикстан Республикасы)
•«Композиция сезими үчүн» диплом — Наралиева Арина (Кыргыз Республикасы)

18–21 жаш курактык категориясы:
•Алтын — Расули Малика (Тажикстан Республикасы)
•Күмүш — Захар (Россия Федерациясы)
•Коло — Чубукова Ирина (Беларусь Республикасы)
•«Аткаруу чеберчилиги үчүн» диплом — Абдусатторзода Волида (Тажикстан Республикасы)
•«Теманы көркөм ачып берүү үчүн» диплом — Ахмедова Адибахон (Өзбекстан Республикасы)
•«Композиция сезими үчүн» диплом — Аскаралиева Арууке (Кыргыз Республикасы)

«Көркөм сүрөт искусствосу» номинациясы жаш таланттарды аныктоого жана колдоого багытталган маанилүү аянтча болуп, катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда маданий байланыштарды чыңдоого жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

ШКУнун  Биринчи Жаштар Дельфий оюндары эл аралык деңгээлде маданий диалогду өнүктүрүүнүн жана чыгармачыл жаштарды колдоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.