Бишкек шаарынын аймагында 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарбасынын абалы жөнүндө толук жана так маалымат алууга багытталган белгиленген тартипте айыл чарба каттоосу жүргүзүлүүдө.

Алынган маалыматтар тармактын учурдагы абалын объективдүү баалоого жана айыл чарба тармагында негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Ушуга байланыштуу каттоочулардын ишине түшүнүү менен мамиле кылууңузду, так маалымат берүүңүздү жана зарыл жардам көрсөтүүңүздү өтүнөбүз.

Кошумча суроолор жаралган учурда төмөнкү байланыш номерлерине кайрылсаңыз болот:
- Айыл чарбасын каттоо боюнча өкүл – Азизов Кубанычбек Сагынович, байланыш номери: 0707 682 862
- Ленин району: Халдарова Асылкан Тойчубаевна – 0706020757;
- Октябрь району: Турдалиев Мирлан Аскаралиевич – 0707706547;
- Биринчи май району: Штенке Светлана Владимировна – 0552010823;
- Свердлов району: Токсоналиева Индира Джумановна – 0777919178;

Урматтуу шаар тургундары! Сиздердин активдүүлүгүңүздөр менен жоопкерчилигиңиздер алынган маалыматтардын сапатына жана көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна түздөн-түз таасир этет.