Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун «Алга» стадионун пайдалануу тартиби тууралуу маалымдайт жана анын макамы боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берет.
Стадиондун аймагында келгендердин ыңгайлуулугу үчүн үч кире бериш каралган: батыш, борбордук жана чыгыш.
Батыш кире бериши күрөш, футзал менен машыккан балдарга, ошондой эле футбол академиясынын тарбиялануучуларына арналган. Чыгыш кире беришин Славян университетинин студенттери «Алга» мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде, ошондой эле шаар тургундары пайдаланышат.
Стадиондун борбордук бөлүгүнөн кирүү каралган эмес.
Чуркоо жолдору күн сайын саат 06:00дөн 11:00гө чейин бардык каалоочулар үчүн ачык.
Стадионго келгендердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилген:
футбол машыгуулары учурунда (саат 11:00дөн 19:00гө чейин) чуркоо жолдоруна кирүү чектелет;
аталган убакыт аралыгында жаракат албоо үчүн футбол талаасына чыгууга тыюу салынат;
үй матчтары өткөрүлгөн учурда Кыргызстандын профессионалдык лигасынын регламентине ылайык чуркоо жолдору жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы стадион жеке менчикке өткөрүлдү деп тараган маалымат чындыкка дал келбесин билдирет.
Стадион мэриянын балансында турат жана муниципалдык менчик болуп саналат. Учурда «Алга» муниципалдык мекемеси биргелешкен ишмердүүлүк тууралуу келишимдин алкагында иш алып барууда.
Мэрия жарандарды белгиленген эрежелерди сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Ошондой эле, мэрия жалган маалымат тараткан видео авторуна карата мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү укугун өзүнө калтырарын маалымдайт.