Бүгүн, 2026-жылдын 27-мартында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында катышуучулар үчүн экскурсия уюштурулду.
Экскурсиянын жүрүшүндө коноктор Чыңгыз Айтматов атындагы паркка барышып, анын аймагында жайгашкан эстеликтер тууралуу кеңири маалымат алышты.
Андан соң катышуучулар скульптор Ольга Мануйлова менен сүрөтчү Семён Чуйковдун үй-музейинде болушту. Анда алар чеберлердин чыгармачылык мурастары жана көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы менен таанышышты.
Ошондой эле каалоочулар үчүн "Ала-Арча" улуттук паркына саякат уюштурулду. Катышуучулар Кыргызстандын кайталангыс жаратылышына, кооз тоо пейзаждарына суктанып, асма жол аркылуу көтөрүлүп, ал жерден айлана-чөйрөнүн укмуштуудай көрүнүштөрүнө күбө болушту. Мындай иш-чараларды өткөрүү эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.














