2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын концерттик залында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин I Жаштар Дельфий оюндарын алкагында «Эл аспаптар» номинациясынын жыйынтыгы чыгарылды.

Конкурстук программада ар түрдүү элдердин салттуу музыкалык аспаптарында аткарылган чыгармалар жаңырды. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, улуттук аткаруучулук салттардын бай ар түрдүүлүгүн тартуулашты.

Лауреаттар:

10–13 жаш категориясы:
Алтын медаль – Ремизов Ярослав (Россия Федерациясы);
Күмүш медаль – Жакшылыкова Айжамал (Кыргыз Республикасы)
Коло медаль – Азизов Али (Кыргыз Республикасы).

14–17 жаш категориясы
Алтын медаль – Өмүрели Назар (Казакстан Республикасы);
Күмүш медаль – Сангов Яздон (Тажикстан Республикасы);
Коло медаль – Муратов Абильмансур (Казакстан Республикасы).

18–25 жаш категориясы
Алтын медаль – Муратбек уулу Нурдан (Кыргыз Республикасы);
Күмүш медаль – Мелкова Татьяна (Россия Федерациясы);
Коло медаль – Гадулбекова Дарина (Казакстан Республикасы).

«Элдик аспаптар» номинациясы Оюндардын маданий программасынын маанилүү бөлүгү болуп, жаштардын салттуу музыкалык искусствого болгон кызыгуусун дагы бир жолу көрсөттү.