Бишкек шаарында 2026-жылдын 28-мартынан тартып Кронштадтская көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгү жол катмарын реабилитациялоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Реабилитациялоо иштеринин алкагында, жол катмарына эки катмар асфальт төшөө, ирригациялык системаны куруу, ошондой эле жаңы тротуарларды куруу иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңыздарды  алдын - ала пландап алууну сунуштайбыз.