2026-жылдын 28-мартында саат 09:00дөн белгисиз мөөнөткө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Абдрахманов көчөсү - Фрунзе көчөсү- Сүйүмбаев көчөсү - Чүй проспектиси - Аламүдүн суусу - темир жол линиясы - Сүйүмбаев көчөсү - Москва көчөсү- Шопоков көчөсү - Чүй проспектиси.

Сүйүмбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги Д-500мм суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан,  тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.