Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте "Тай Брейк" кортторунун базасында жыл бою иштей турган "Теннис Парк" теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу" аттуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо үчүн сынак өткөрдү.

Анын жыйынтыгында потенциалдуу жеке өнөктөш аныкталган. Бирок мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген мөөнөт аяктагандыгына байланыштуу макулдашууга кол коюу ишке ашпай калды деп табылды.

Ушуга байланыштуу долбоорду белгиленген тартипте улантуу максатында жеке өнөктөштү тандоо боюнча кайрадан сынак жарыяланат.

Белгилей кетсек, бул долбоордун максаты – шаарда дене тарбия жана спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле массалык жана профессионалдык теннисти өнүктүрүү максатында жыл бою иштей турган заманбап жабык теннис комплексин түзүү болуп саналат.