Бишкек шаарынын Ленин административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан №101 МАБнын тургундары менен «Диалог» шаардык маданият үйүндө жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби, даректүү социалдык жардам алуу шарттары, ошондой эле социалдык колдоонун башка түрлөрү тууралуу маалымат берилди.
Адистер төлөмдөрдү тариздөө механизмдерин кеңири түшүндүрүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти жана жекече консультациялар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — калктын мамлекеттик колдоону алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана район тургундары үчүн социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Жалпысынан жыйынга №101 Муниципалдык аймактык башкармалыктын 50дөн ашуун тургуну катышты.



