Кыргыз Республикасындагы Президенттин спортту өнүктүрүү программасынын алкагында Бишкек шаарынын Ленин райондогу Балдар чыгармачылык борборунда балдардын арасында самбо боюнча ачык чемпионат уюштурулду.

Иш-чарага Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев, Бишкек шаарынын Ленин районунун Билим башкармалыгынын директору Айзат Тургумбекова, ошондой эле иш-чаранын демөөрчүлөрү Азамат Акчубаков, Кубат Шаршенов жана Медер Омурбекович Карабаев катышты.

Мелдештин башкы судьясы Рахман Абдраимов болду.

Чемпионатка өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынын 20 командасынан болжол менен 200 жаш спортчу катышты. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдык, спорттук чеберчиликти жана жеңишке болгон эркти көрсөтүштү.

Мелдештин жыйынтыгы менен Ленин райондогу Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары мыкты жыйынтыктарга жетишип, 5 биринчи, 4 экинчи жана 8 үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга спорттук ийгиликтерди каалайбыз!