Бишкек шаарында Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдындагы Консультативдик кеңештин жыйыны болуп өттү.
Жыйын департаменттин директору Канатбек Маматов жана директордун орун басары Рустам Алишеровдун төрагалыгы алдында өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Консультативдик кеңештин курамы тааныштырылып, 2026-жылга карата иш-пландар кеңири каралып, талкууланды. Өзгөчө көңүл жаштар саясатын өнүктүрүүгө, жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды кеңейтүүгө бурулду.
Мындан тышкары, жаштар менен иштөө багытында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, жаштардын демилгелерин колдоо, ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүү, жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана алардын коомдук турмушка активдүү катышуусун жогорулатуу боюнча демилгелер каралды.
Жыйындын жыйынтыгында коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин бириктирүү зарылдыгы белгиленди.

