Бүгүн, 2026-жылдын 27-мартында, «Таберик» залында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин астындагы спорт мектептеринин 14 жаштан жогорку тарбиялануучулары үчүн профилактикалык лекция өткөрүлдү.

Иш-чара жаштар арасында баңгиликтин жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине арналды.

Лекцияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Каныбек Усенов өткөрдү.

Өз сөзүндө ал баңгизат каражаттарынын зыяндуулугу, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, колдонулушу жана жайылтылышы менен байланышкан коркунучтар тууралуу кеңири маалымат берип, психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепеттерин жана мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле чакырылган спикерлер катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорт чебери жана дзюдо боюнча дүйнө чемпиону Ислам Баялинов, ошондой эле сулуулук студиясынын негиздөөчүсү, блогер Айпери Эрматова сөз сүйлөштү. Алар сергек жашоо образын алып баруунун, жеке жоопкерчиликтин жана туура тандоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Иш-чарага шаардагы спорт мектептеринен болжол менен 200 тарбиялануучу катышты. Катышуучулар темага  кызыгуу менен мамиле жасап, суроолорду берип, талкууга активдүү катышышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюштурулду.

Белгилей кетсек, мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылат.