Бишкек шаарындагы №68 мектепте 2-класстын окуучуларынын арасында «Менин элим – менин сыймыгым» аттуу конкурс өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Конкурстун негизги максаты – окуучуларда мекенчилдик сезимди калыптандыруу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле ата-энелер менен мектептин ортосундагы өз ара байланышты чыңдоо болуп саналат.
Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар ырдоо, көркөм окуу жана чыгармачылык өнөрлөрү аркылуу өз таланттарын көрсөтүп, туулган жерине болгон сүйүүсүн чагылдырышты.




