Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, маданият, экономика жана ишкердик байланыштар чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Калаа башчысы кытай тарапка шаардын өнүгүшүнө салым кошкондугу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал үстүбүздөгү жылдын башынан бери бир катар биргелешкен демилгелер ишке ашырылганын, анын ичинде Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфы оюндары өткөрүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле мэр өз сөзүндө  инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын да кошумчалады. Атап айтканда, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду куруу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Борбор калаанын мэри муниципалитеттин шаардын туруктуу өнүгүүсүнө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган демилгелерге мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Лю Цзянпин айым жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкектин Кытай шаарлары менен болгон боордоштук байланыштары жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Ал акыркы жылдары Кыргызстандын борбору туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөтүп, заманбап көрүнүшкө ээ болуп, өлкөнүн маанилүү борбору катары өзүнүн ролун бекемдеп жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө жана Бишкек шаарынын туруктуу өнүгүүсү үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга кызыкдар экендигин ырасташты.