Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу жабылат.

Буга байланыштуу, 7 маршруттун кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөрөт: №30, №226, №203 — «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын автобустары, ошондой эле №143, №161, №234, №130 маршруттук кичи автобустар.

Долбоор эки этапта ишке ашырылат. Биринчи этапта, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып, Аул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүк жабылып, оңдоо иштери башталат. Экинчи этапта Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүк оңдолот.

Урматтуу шаар тургундары, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын-ала альтернативдүү жолдорду  пайдаланууну өтүнөбүз.