№ 68 мектептин базасында «Ырдайлы кыргыз ырларын» жана «Жомоктор дүйнөсүнө саякат» сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыгармачылык мамилесин жана эне тилине, маданиятына болгон сүйүүсүн көрсөткөн катышуучулар Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин дипломдору жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Иш-чара жылуу жана майрамдык маанайда өтүп, окуучуларды, мугалимдерди жана конокторду бириктирди.
Мындай сынактар балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, кыргыз тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле улуттук салттарды сактоого өбөлгө түзөт.









