Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жамааты мэр Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги алдында жалпы шаардык ишембиликке катышты. Иш-чара Исанов көчөсү менен ЧЧКнын кесилишиндеги тилкеде өткөрүлдү.
Ишембиликтин жүрүшүндө муниципалитеттин кызматкерлери аймакты тазалоо иштерин жүргүзүштү: куураган чөп, бутактар алынды, ошондой эле бутоо иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле ишембилик учурунда мэр айланасын кыдырып чыгып, жашыл аймакка унааларын токтотуп койгон тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн жерине эвакуатор чакырылды.
Эске салсак, борбор калаада аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин Бишкек шаарында тазалыкты, экологиялык абалды жакшыртууга жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар өтүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык тургундарды, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларды жана уюмдарды бул иш-чараларга активдүү катышып, өздөрүнө тиешелүү жана ага чектеш аймактарды иретке келтирүүгө чакырат.

























