Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө шаар мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда жашыл көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өттү.

Мэр чынар дарагынын көчөттөрүн отургузуп, жаш көчөттөрдү сугаруу жана кам көрүү ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

«Жашыл көчөттөргө сапаттуу кам көрүү болгондо гана биздин аракеттерибиз натыйжалуу болот», — деди ал.

Жалпысынан жазгы өнөктүк башталгандан бери Бишкекте 6 миңге жакын жаңы дарак жана бадал отургузулду.

Белгилей кетсек, учурда «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигинде 93 миң көчөт бар.

Алардын ичинен 20 миң көчөт шаар аймагына отургузулат, калганы питомникте өстүрүлөт.

Эскерте кетсек, 2025-жылы отургузулган  көчөттөрдүн 86 пайызы жакшы өсүп кеткен. Быйыл шаар мэриясы борборду жашылдандыруу иштерин күчөтүп, тургундарды жана уюмдарды айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашыл аймактарга кам көрүүгө активдүү катышууга чакырат.