2026-жылдын 31-мартында саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Шопен көчөсү – Юнусалиев көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Жукеев Пудовкин көчөсү – Сүйөркулов көчөсү.
Д-400 мм суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
«Менин шаарым» тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
