Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чара уланууда.

Бүгүн, 2026-жылдын 28-мартында өткөн кезектеги жалпы шаардык ишембилик бул өнөктүктүн жемиштүү этаптарынын бири болуп, миңдеген кайдыгер карабаган шаар тургундарын бириктирди. Иш-чарага 4 191 уюм жана чарба жүргүзүүчү субъекттер, ошондой эле 37 миңден ашуун шаар тургуну катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө олуттуу көлөмдөгү иштер аткарылды: 624 гектар аймак тазаланып, 330 тонна таштанды чыгарылды, аллеялар, скверлер жана парктар көрктөндүрүлдү, бак-дарактар  акталып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, 33,82 чакырым ирригациялык тармактар, арыктар жана каналдар тазаланып, болжол менен 500 көчөт отургузулду.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, ишканаларды жана бардык менчик түрүндөгү уюмдарды бул өнөктүктү активдүү колдоого, ишембиликтерге катышууга жана бекитилген, ошондой эле чектеш аймактарды жана турак жайларды көрктөндүрүүгө көңүл бурууга чакырат.