2026-жылдын 27-мартында Ташкент шаарында (Өзбекстан) PWL күрөш лигасынын турнири өтүп, ага Кыргызстандын спортчулары катышты.
59 килограммга чейинки салмак категориясында «Олимп» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Сезим Жуманазарова Өзбекстандын аткаруучусу Лайлохон Собировага каршы 9:3 эсебинде жеңишке жетти.

