Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык  жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой эле беш материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура  башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Жарандар тарабынан берилген арыздын негизинде 417 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.

Бул баттагы иштер улантылат.