2026-жылдын 28-29-март күндөрү Дакар (Сенегал) шаарында чоңдор арасында  дзюдо боюнча Африка Кубогу  мелдеши өттү.

Мелдешке 26 өлкөдөн 146 спортчу катышты.

Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Жуманазаров Ратбек Кыргыз Республикасынын намысын коргоп, 81 кг салмактагы категорияда коло медалга ээ болду.