2026-жылдын 28–29-мартында Познань шаарында (Польша) дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Европа Кубогу болуп өттү. Бул ар кайсы өлкөлөрдүн эң мыкты спортчуларынын башын бириктирген абройлуу эл аралык мелдеш.

Турнирге 21 өлкөдөн 267 спортчу катышып, мелдеш жогорку деңгээлдеги атаандаштык менен коштолду.

«Олимп» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Адис Орозмаматов Кыргыз Республикасынын намысын татыктуу коргоп, 66 кг чейинки салмак категориясында алтын медалга ээ болду.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча спортчу 100 рейтингдик упай топтоду. Бул анын эл аралык рейтингдеги абалын жогорулатууга кошкон чоң салымы болуп саналат.

Спортчуну татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз! Мындан ары да ийгиликтерди жаратып, эл аралык аренада жаңы бийиктиктерди багындырышына тилектешпиз!