2026-жылдын 28–29-мартында Бишкек шаарында грек-рим күрөшү боюнча 15 жашка чейинки өспүрүмдөр (U-15) арасында Кыргыз Республикасынын биринчилиги болуп өттү.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген балбандар катышты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары төмөнкү байгелүү орундарды ээлешти:
1-орун:
Байызбеков Байаман (52 кг салмак категориясы);
3-орун:
Уланбеков Эрмек (38 кг салмак категориясы);
Тобокелов Кутман (38 кг салмак категориясы);
Боронбаев Баел (62 кг салмак категориясы).


