Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти 2026-жылдын 10-апрелинен 20-апрелине чейин Китеп күнүнө карата Окуу декадасы өткөрүлөрүн жарыялайт.

Бул демилгенин алкагында борбор калаанын бардык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында,  балдар жана өспүрүмдөр арасында окууну жайылтууга багытталган ар түрдүү маданий-билим берүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Шаардын мектептеринде жана бала бакчаларында адабий сааттар, китеп көргөзмөлөрү, жазуучулар менен жолугушуулар, көркөм окуу боюнча сынактар, «Бирге окуйбуз» акциялары, ошондой эле тематикалык викториналар жана интерактивдүү сабактар уюштурулат.

Окуу декадасын өткөрүүнүн негизги максаты — жаш муундун китепке жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу, окурмандык маданиятын калыптандыруу, балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү, ошондой эле көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн тарбиялоо болуп саналат.

Билим берүү департаменти окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди иш-чараларга активдүү катышууга жана окуу маданиятын бекемдөөгө, балдардын руханий өнүгүүсүнө багытталган бул демилгени колдоого чакырат.