Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти балаңызды белгилүү мектепке кабыл алуу максатында микроучасток боюнча жасалма каттоого (пропискага) жоопкерчилик бар экенин эскертет.
Эскертебиз, эгер ата-эне же башка адам каалаган мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алса же башка жол менен жасаса, бул фактылар текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлөлөр балдарын белгилүү билим берүү уюмдарында каттоого алуу максатында катталган учурлар аныкталган.
Мындай аракеттер үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
Ошондой эле, бардык мектептердеги окуу программалары бирдиктүү жана мамлекеттик стандарттарга ылайык түзүлгөн. Ошондуктан, бала кайсы мектепте окуганы негизги мааниге ээ эмес. Эң маанилүүсү – анын коопсуздугу, саламаттыгы жана ыңгайлуулугу.
Ошондуктан, мектепти тандаганда жашаган жериңизге жакын жайгашкан билим берүү уюмуна артыкчылык берүү сунушталат.