2026-жылдын 30-мартында борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Ai-smart» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө көчө жарыктандыруусунун инновациялык тирөөчтөрүн орнотуу боюнча пилоттук долбоор тааныштырылды. Бул чечимдер архитектуралык жарыктандыруу, энергияны үнөмдөө жана санариптик инфраструктура элементтерин айкалыштырып, шаардык чөйрөнү өнүктүрүүнүн келечектүү куралы болуп саналат.

Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында «Bishkek Park» соода-оюн-зоок  борборунун аймагында 8 тирөөч жана 8 заманбап көчө жарыктандыруу прожекторлору орнотулган.

Калаа башчысы демилгенин чоң потенциалын белгилеп, мындай технологияларды киргизүү шаардагы бир катар актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөрүн айтты. Ошол эле учурда ал долбоордун экономикалык бөлүгүн кылдат иштеп чыгуу зарылдыгына, анын ичинде каржылык натыйжалуулугун баалоо жана каржылоо булактарын аныктоого өзгөчө көңүл бурду.

«Албетте, долбоор келечектүү жана шаар үчүн алгылыктуу. Бул чечимдер аркылуу бир катар маселелерди азыртан эле чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок экономикалык жагын кошумча талдап чыгуу жана каржылоо булактарын аныктоо талап кылынат», — деди мэр.

Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Джунушалиев долбоордун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, Бишкек Борбор Азияда мындай технологияларды ишке киргизе баштаган алгачкы шаар экенин белгиледи. Ошондой эле муниципалитет долбоорду андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатканын жана негиздүү чечим кабыл алуу үчүн аны ар тараптуу талдоону улантарын билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы долбоорду масштабын чоңойтуу жана шаардык инфраструктурага интеграциялоо маселелерин баалоо максатында анын катышуучулары менен жолугушууларды улантууну пландаштырууда.