2026-жылдын 9-10-апрелинде саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Кичи залында кыргызстандын көрүнүктүү пианист жана органисти  Мирлан Касымалиевдин  катышуусунда «От барокко до модерна» аттуу концерти өтөт.

Европалык көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болгон музыкант Кыргызстанга биринчи жолу бароккодон заманбап классикалык музыкага чейинки кеңири музыкалык доорлорду камтыган жеке программасын тартуулайт.

Концерттик программада Иоганн Себастьян Бах, Георг Бём, Феликс Мендельсон жана Арво Пярт сыяктуу улуу композиторлордун чыгармалары, ошондой эле улуттук салттардын жана дүйнөлүк музыкалык маданияттын синтезин чагылдырган кыргыз композиторлорунун чыгармалары аткарылат.

Мирлан Касымалиев Берлин искусство университетинин жана Бишкек менен Казань шаарларындагы алдыңкы музыкалык окуу жайларынын бүтүрүүчүсү. Ал эл аралык сынактардын лауреаты, анын ичинде Кисловодск (1996) орган сынагынын атайын сыйлыгынын ээси.

2000-жылдан бери артист Германияда жашап жана иштеп, Berliner Philharmonie жана Komische Oper Berlin сыяктуу абройлуу сахналарда өнөрүн тартуулап келет. Ал еврей музыкалык маданиятын жайылтууга багытталган «KOL — jüdische Musik beleben und erleben e.V.» (2014), маданий долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

«От барокко до модерна» концерти маанилүү маданий иш-чара болуп, угармандарга  жандуу музыка искусствосунан эргүү алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эскерте кетсек, билеттерди Kassir.kg. веб-сайтынан сатып алууга болот.