Бишкек шаарында Алтымышев көчөсү Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул иштер өзгөчө кырдаалдар учурунда  дарыя нугун тазалоо үчүн атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү объекттер демонтаждалды:
* 57 метр темир тосмолор;
* 6 жеңил типтеги объект (ООТ);
* 4 күркө ;
* 2 контейнер;
* жалпы аянты 80 чарчы метр болгон бастырмалар;
* 4 капиталдык объект (анын ичинде химтазалоо жана сулуулук салону);
* 12 чарбалык курулуш;
* 9 капиталдык тосмо.

Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жаранга жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан Алтымышев көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан (СПА-салон) жер тилкесин бошотуу маселеси боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү. Бул объектте мамлекеттик акт бар.

Муниципалдык жерлерди пайдаланууну тартипке келтирүү жана шаардык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.