Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-апрелинен баштап, Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жолдорду калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
Долбоорго жолду кеңейтүү, жаңы тротуарларды орнотуу, жаңы сугаруу системасын куруу жана эки катмар асфальт-бетон төшөө кирет.
Бул иш-чаралар жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Урматтуу шаар тургундары! Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну, маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну жана альтернативдүү маршруттарды колдонууну суранабыз.